Документ эки өлкөнүн жарандарына социалдык жана пенсиялык төлөмдөргө бирдей укуктарды берүүгө багытталган. Эң негизгиси, Кыргызстанда жана Австрияда иштеп тапкан камсыздандыруу мөөнөттөрү пенсиялык максатта бириктирилет.
Пенсияны жарандарга алар жашаган жерине карабастан түз берүү пландалууда. Келишим ошондой эле кызматтык сапарларда камсыздандыруу төгүмдөрүн эки эселеп төлөбөөгө жардам бериши керек.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Австрияда 2 миңдей кыргызстандык бар. 2025-жылы Кыргызстанда 21 австриялык жаранга 231, 600 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн.
Кол коюлгандан кийин келишим ратификацияланышы керек.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.