Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандын пенсиялык системасы реформаланат: эмне өзгөрөт

Социалдык фонд мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына ири өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Кыргызстандын пенсиялык системасы реформаланат: эмне өзгөрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Документ пенсиялык системаны бюрократиядан арылтууга, кызматтарды санариптештирүүгө жана пенсиялык топтомдорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири пенсияны проактивдүү дайындоо болот. Эгер Соцфонддун маалыматтык системасында жаран тууралуу бардык керектүү маалыматтар бар болсо, пенсия арыз берүүсүз эле автоматтык түрдө дайындалат.

Бул пенсияны дайындоо мөөнөтүн кыскартып, жарандарды аймактык бөлүмдөргө ашыкча кайрылуудан бошотот деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, мурда эсептелген, бирок талап кылынбай калган пенсияларды төлөө мөөнөтүнө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда. Бул пенсионерлерге өткөн мезгилдер үчүн тиешелүү болгон бардык каражатты алууга мүмкүнчүлүк берет. Мында пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү толук көлөмдө төлөнөт, ал эми базалык бөлүгү - жаран башка мамлекеттин бюджетинен ушуга окшош төлөмдөрдү албаган мезгилдер үчүн гана берилет.

Мыйзам долбоору камсыздандыруу стажын калыбына келтирүүнүн тартибин да өзгөртүүнү карайт. Учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу түрдө мурда төлөмдөр жүргүзүлгөн мезгилдер үчүн гана төлөөгө болот. Жаңы өзгөртүүлөр бул чектөөнү алып салууну сунуштайт. Натыйжада жарандар, анын ичинде эмгек мигранттары жана көмүскө сектордо иштегендер, камсыздандыруу стажын 1996-жылдын январынан тартып калыбына келтире алышат.

Дагы бир өзгөртүү пенсиялык топтомдорго тиешелүү. Соцфонд аларды инвестициялоого байланышкан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуну, каражаттарды жайгаштыруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууну, инвестициялык тобокелдиктерди азайтууну жана мүмкүн болгон коррупциялык факторлорду четтетүүнү сунуштоодо.

Ошондой эле мыйзам долбоору Соцфонддун иш берүүчүлөрдөн регресс тартибинде өндүрүп алуу укугун сактап калат. Эгер майыптык боюнча же багуучусунан ажырагандыгы үчүн пенсия өндүрүштөгү кырсыктан же иш берүүчүнүн күнөөсүнөн келип чыккан кесиптик оорудан улам дайындалса, төлөнгөн каражаттарды иш берүүчүдөн өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Соцфонддун маалыматына ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Анткени сунушталган өзгөртүүлөр негизинен жол-жоболук мүнөзгө ээ болуп, учурда иштеп жаткан санариптик системалардын негизинде ишке ашырылат.

Эске салсак, жакында Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча келишимге кол коюп, эки өлкөнүн жарандарынын пенсиялык стажын өз ара таануу боюнча макулдашкан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.