Министрликтин маалыматына ылайык, аймактык башкармалыктардын адистери жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштуруп, кеп- кеңештерди өткөрүүдө жана жөлөкпулду дайындоо тартибин, зарыл болгон документтердин тизмесин, ошондой эле аны алуунун шарттарын түшүндүрүп беришүүдө.
«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунан тарта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан бекитилген арыздарды кабыл алуу жана жарандарды кабыл алуу графигине ылайык башталат.
Так маалымат алуу жана жөлөкпулду өз убагында тариздөө максатында министрлик жарандарга жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө кайрылууну сунуштайт. Ал жерде адистер зарыл болгон консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт.
Буга чейин аталган программага жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүү пландалып жатканы маалымдалган. 2026-жылы 1-июлдан тарта төлөмдөрдү баштоо үчүн болжол менен 3,1 миллиард сом талап кылынат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.