Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жөлөк пулду 3 жашка чейинки баласы бар үй-бүлөлөр алат. Алдын ала маалыматка ылайык, өлкө боюнча 440 миңден 470 миңге чейинки бала бул жөлөкпулду алууга укуктуу болууда.
Эмгек министри Канат Сагынбаев белгилегендей, программаны ишке ашырууга мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландоодо. Анын ичинде программа 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргенине байланыштуу ушул жылы болжол менен 3,1 миллиард сом талап кылынат.
Жөлөк пулга арызды «Түндүк» тиркемеси аркылуу берүүгө болот, бул көп сандагы документтерди чогултуу зарылдыгын жоёт.
Эмгек министрлиги эскертекендей, жөлөк пул алуучу жарандар маалыматтарын өз убагында жаңыртуусу керек. Башкача айтканда, үй-бүлөгө тиешелүү бардык маалыматтарды санариптештирүү зарыл.
Эске салсак, буга чейин президент «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпулун киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Жаңы демилге балдар арасындагы жакырчылыктын тобокелдиктерин азайтууга жана ар бир балага жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тартып бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.