Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо: миллиондогон рубль өндүрүлүп берилди

Орусиядагы кыргызстандыктарга 121 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акыларын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо: миллиондогон рубль өндүрүлүп берилди
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Өкүлчүлүк тарабынан 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин 1 643 кыргыз жарандарына төлөнбөй калган 121,3 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акысын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү. Ошондой эле жумуш ордунда жаракат алып, ден соолугуна зыян келтирилген 27 жаранга иш берүүчүлөрдөн 27,7 млн рубль компенсация өндүрүлүп берилди.

Бул убакыт аралыгында, КРнын жарандарынын 3 711 кайрылуусунун алкагында, өкүлчүлүктүн кызматкерлери Москва шаарынын жана Москва облусунун полиция бөлүмдөрүнө, сотторуна, прокуратура жана тергөө комитети сыяктуу ыйгарым укуктуу органдарына 1 291 ирет барып, жеринде коргоо иш-чараларын жүргүзүштү.

Мындан тышкары, миграция мыйзамдары жана башка маселелер боюнча 59 миң жаранга түз жана телефон аркылуу укуктук кеңештер берилди.

Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 2022-жылы аталган аймакта иштеген кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлгөн.

Эскерте кетсек, КРнын Улуттук банкы Миграция боюнча эл аралык уюмдун КРдеги кеңсесинин колдоосу менен «Эмгек миграциясынын программасы - Борбордук Азия» долбоорунун алкагында эмгек миграциясына кетип жаткан жарандар үчүн атайын каржы сабаттуулугу боюнча модулдарды камтыган колдонмо иштеп чыккан. Алар каржы сабаттуулугу боюнча негизги темаларды камтыйт жана эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.