Бул тууралуу Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин жетекчисинин орун басары Роман Чекушовго таянып, Sputnik басылмасы билдирди.
Орусия Кыргызстанда Lada автоунааларын ири түйүндөрдөн чогултууну жолго коюшу мүмкүн.
«Өндүрүштү биринчи кезекте жакынкы чет өлкөлөрдө жайгаштыруу маселеси жигердүү каралууда. Мындай өндүрүштү Казакстанда да өнүктүрүү күтүлүүдө, ал эми Кыргызстанда жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Каржылоо маселесин чечүү зарыл. Анткени биздин өнөктөштөр муну Орусиялык өндүрүүчүнүн өзүнчө инвестициялык долбоору эмес, биргелешкен долбоор катары карап жатышат», - деп билдирди Чекушов Чыгыш экономикалык форумунун жүрүшүндө.
Эгер маселе оң чечилсе, Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган экономикалык таасири олуттуу болот. Өнөр жай тармагындагы мындай демилгелер ИДПнын өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, республикалык бюджетке түшүүчү салыктык кирешелердин көбөйүшүнө, ошондой эле логистикадан тартып автоунаа тетиктерин чыгарууга чейинки байланышкан тармактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Эске салсак, Кыргызстанда 2024-жылы «Тулпар Моторс» заводу ишке киргизилген. Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү Кыргызстанда жеңил жана коммерциялык автоунааларды биргелешип чыгаруу боюнча макулдашкан.
Эми Кыргызстанда «Тулпар Моторс» автозаводунда чыгарылган ата мекендик жыйноодогу Chevrolet автоунааларынын каалаган моделин сатып алууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.