Карызды автоматтык түрдө эсептен чыгаруу
2022-жылдын 1-январына чейин чегерилген бардык салык карыздары, соттун чечимдери чыгарылган болсо да, автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
Мындан тышкары, 2025-жылга чейинки мезгилдеги транспорттук салык боюнча карыздар да, эгерде соттук териштирүү башталбаса жоюлат.
Ишкерлер жана айыл чарба продукциясын саткандар үчүн
Чакан жана орто бизнестин субъекттери, ошондой эле айыл чарба продукциясын (малдан башкасы) сатуучу жеке жактарда товарга баштапкы документтери жок болсо, киреше салыгы боюнча карыздарын эсептен чыгара алышат. Ал үчүн жергиликтүү салык органдарына арыз менен кайрылышы керек.
I жана II топтогу майыптыгы бар жарандар үчүн
Алардын 2024-жылдын 1-январына чейинки бардык карыздары арыз бергенде кечилет.
Мүмкүнчүлүгү чектелген уюмдар үчүн (майыптар менен иштеген) 2025-жылдын июлуна чейин чегерилген мүлк салыгы белгиленген шарттарды эске алуу менен алынып салынат.
Дыйкандар жана айыл чарба кайра иштетүүчүлөр үчүн
Эгерде суу коммерциялык максатта пайдаланылса, фермерлер жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр жер астындагы сууларды пайдалануу боюнча бонустук карыздардан бошотулат.
Мал экспорттоочулар калган 20%ын өздөрү төлөшсө, мамлекет карыздын 80% жана бардык айыптарды кечирет.
Эл аралык уюмдардын кызматкерлерин бошотуу
Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн, консулдуктардан жана эл аралык уюмдардан киреше алган жарандар киреше салыгын төлөөдөн толук бошотулат.
Карызы барлардын чет өлкөгө чыгуусу
2025-жылдын 5-августунан тарта жарандардын карызы 50 миң сомдон ашпаса, чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү жобо күчүнө кирди.
Бирок буга чейин сот аткаруучулар тарабынан карыз деп саналгандарга чектөөлөр сакталууда.
«Салык сервис» ишканасы бул чара карыздын жүгүн азайтуу жана акыркы жылдары экономикалык кыйынчылыктан жапа чеккен жарандарды жана ишкерлерди колдоо максатында жасалып жатканын баса белгиледи.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.