Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын аныктоо тартиби жаңыланат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын аныктоо тартиби жаңыланат
Иллюстрациялык сүрөт

Документ социалдык колдоо системасын өркүндөтүүгө жана 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган — «үй-бүлөгө көмөк».

Программанын масштабдуулугу жана көйгөйлөр

«Үй-бүлөгө көмөк» өлкөдөгү социалдык жардам көрсөтүүнү каржылоо боюнча эң ири программалардын бири болуп саналат.

Ведомствонун маалыматына ылайык: 

  • 2025-жылы программага кеткен чыгым 3,2 миллиард сомдон ашты;
  • жылдын аягында алуучулардын орточо айлык саны 162,1 миңден ашты.

Мында формалдуу эмес иш менен камсыз болуунун жогорку үлүшүнөн улам (63%дан ашык): 

  • кошуу каталары — муктаж эмес үй-бүлөлөр кирешелерин жашырып, жөлөк пул алышат; 
  • чыгаруу каталары — чындап муктаж болгон үй-бүлөлөр документтердин жетишсиздигинен, маалыматтын аздыгынан же коррупциялык тобокелдиктерден улам төлөмдөрдү ала алышпайт.

Кепилденген минималдуу кирешени жогорулатуу

Негизги өзгөртүү катары кепилденген минималдуу кирешени (КМК) 1000 сомдон 1500 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Эскерте кетсек, КМК 2009-жылдан бери кайра каралган эмес. Ал ортодо: 

  • инфляция дээрлик 40%га өстү;
  • бала үчун жашоо минимуму 65,5%га (4 091 сомдон 6 769 сомго чейин) көбөйдү; 
  • жакырчылыктын чеги 98%га өстү;
  • өтө жакырчылыктын чеги — 133,5%га өстү.

Эмгек министрлиги белгилегендей, КМКни 2009-жылдын деңгээлинде кармап туруу учурдагы экономикалык реалдуулукка жана жакырчылыктын иш жүзүндөгү деңгээлине туура келбейт.

КМК жогорулатуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында да каралган.

Муктаждык критерийлерин өзгөртүү

Токтом долбоору менен үй-бүлөлөрдүн мүлктүк абалын баалоо критерийлерин төмөнкүдөй түзөтүү сунушталууда: 

  • Автоунаа: эгерде транспорт каражаты 15 жылдан эски болбосо (азыр — 20 жыл), жөлөк пул дайындалбайт. 
  • Мал (майда жандыктар): уруксат берилген сан бир үй-бүлө мүчөсүнө 4 баштан 5 башка чейин көбөйөт.
  • Кыймылсыз мүлк: эки же андан көп турак жай объектисине ээ болгон үй-бүлөлөр жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгарылат.

Министрлик автоунаа менен малды күтүүгө кеткен чыгымдар үй-бүлөлөрдүн иш жүзүндөгү кирешесин азайтарын, ал эми экинчи турак жай кирешенин потенциалдуу булагы (мисалы, ижарага берүү аркылуу) боло аларын түшүндүрүшөт.

Төлөм мөөнөтүн чектөө жана санариптештирүү

Ошондой эле төмөнкүлөр сунушталат: 

  • иштебеген эмгекке жарамдуу мүчөлөрү бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул төлөө мөөнөтүн 12 айдан 6 айга чейин кыскартуу;
  • жер тилкелеринен түшкөн кирешени туура эсептөө үчүн топурактын бонитеттик баллдарын актуалдаштыруу; 
  • муктаждыкты аныктоо механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу.

Ченемдик укуктук базаны жаңылоо

Долбоор бир катар жоболорду жаңы редакцияда бекитүүнү карайт, анын ичинде: 

  • «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо тартиби жөнүндө;
  • муктаждыкты аныктоо тартиби жөнүндө; 
  • бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөк пулун төлөө жөнүндө; 
  • арыздарды кароо боюнча комиссиялардын иши жөнүндө; 
  • мамлекеттик жөлөк пулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө.

Эмгек министрлиги сунушталып жаткан өзгөртүүлөр социалдык колдоонун эффективдүүлүгүн жогорулатууга, өтө жакыр үй-бүлөлөрдү камтууну кеңейтүүгө жана каражаттарды максатсыз пайдалануу коркунучун азайтууга багытталганын белгилейт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.