2025-жылы дээрлик 366 млн сом «Балага сүйүнчү» төлөндү

2025-жылдын башынан тартып 91 188 балага «Балага сүйүнчү» төлөндү.

2025-жылы дээрлик 366 млн сом  «Балага сүйүнчү» төлөндү
Сүрөт: Эмгек министрлиги

Бул тууралук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына карата бала төрөлгөн учурда берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулуна 365, 9 млн сом төлөндү. Каражат жаңы төрөлгөн, анын ичинде бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 27 үч эмге жалпы суммасы 1,35 млн сом берилди.

Салыштырсак, 2024-жылдын 1-сентябрына карата бул жөлөкпулга 388, 977 млн сом каралып, 96 934 балага төлөнгөн, анын ичинде 27 үч эмге да 1, 35 млн сом берилген.

Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4 000 сомду түзөт. Эгер бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 000 сомдон төлөнөт.

Бир жолку жөлөкпулду алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалды каттоо органдарына кайрылуу зарыл. Жаран акча каражатын «Элдик банк» жана «Айыл банктын» каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта  алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

Аталган бир жолку төлөмүн алуу үчүн   өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк керектелет.

Өтүнмө берилгенден кийин каражат 2 иш күнү ичинде банктык эсепке которулат. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.