Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздар каралды. Комиссия 28 компания боюнча чечим чыгарып, алардын көпчүлүгүнө бир жылдык мөөнөткө рынокко чыгууга уруксат берилди.
Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө төмөнкү агенттиктерге уруксат берилди:
- «Камелотт»;
- «Флай Джоб»;
- «Прайм Тревел».
Германияга жумушка жөнөтүү иштерин төмөнкү компаниялар жүргүзөт.
- «Скилл Вэй Консалтинг»;
- «Аслан Жобагентур 1».
«Медиа Центр» жана «ИЛЦ» агенттиктери кошумча шарттар менен лицензия алышты, алар белгиленген мөөнөт ичинде бул талаптарды аткарууга милдеттүү.
Словакияга жарандарды жөнөтүүчү «Азия КейДжи Консалт» жана «Консалтинговая компания Евразия» компанияларынын колдонуудагы уруксаттары узартылды. «Ворк Тайм Консалтинг» компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Кувейтке жөнөтүү боюнча уруксаты да узартылды.
«Тугезе Рекрутмент» компаниясына жарандарды Хорватияга жумушка жөнөтүү үчүн лицензия берүү өтүнүчү четке кагылды.
«Чечимдер кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана уруксат берүүдө мыйзамдарды сактоо максатында кабыл алынууда», - деп билдиришти комиссиядан.
Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталы бишкектик Сергей Улуу Британияда кулпунай фермасында иштегенин, ал эми Гүлзат Болгарияда кантип кызматчы болуп калганы тууралуу жазган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.