Курс USD 87.26 / 87.74
Курс EUR 100.91 / 101.91
Курс RUB 1.108 / 1.131
Курс KZT 0.146 / 0.177
USD USD
87.26 / 87.74
EUR EUR
100.91 / 101.91
RUB RUB
1.108 / 1.131
KZT KZT
0.146 / 0.177

Пенсия – өкүм эмес: Бишкектик айым кантип Болгарияда кызматчы болуп, кыялдарын орундатты

Эмгек миграциясы көп кырдуу көрүнүш болуп саналат. Адатта мигранттар барган өлкөлөрдүн жакшы жактары да, кемчиликтери да болот. Banks.kg порталы Гүлзат аттуу мекендешибиз менен маектешти, анда каарманыбыз Болгариялык мейманканадагы жумушу тууралуу дегеле чет өлкөдө иштөөнүн артыкчылыктары жөнүндө ачык айтып берди.
Пенсия – өкүм эмес: Бишкектик айым кантип Болгарияда кызматчы болуп, кыялдарын орундатты

- Гүлзат, сиздин акча табуу үчүн чет жака чыгууңузга эмне түрткү болду? 

- Пенсияга чыккандан кийин өзүмдү жаңы нерседе сынап көрүүнү, кошумча билим, шык, баалуу турмуштук тажрыйба алууну чечтим. Бишкектен татыктуу жумуш таба албадым. Мен саякаттап дагы, акча таап дагы материалдык абалымды жакшырткым келди.

Пенсионерлердин убагы бүттү деген туура эмес. Күчкө, энергияга толуп, аракет кыла баштадым. Бул кандайдыр бир укмуштуу окуялар, бардыгы камтылган «бирөөнүн эсебинен эс алуу» болчу.

Чет өлкөдөгү жумуш тууралуу жарнаманы көргөндө, мен андан эки каалоомду айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн көрдүм: акча табуу жана жаңы «шаарларды жана айылдарды» көрүү. Менин учурумда тандоо аз болду. Тазалап иштегенден башка өзүмө ылайыктуу эч нерсе таппадым. Тандоо Болгарияга туура келди: мезгилдүү жумуш, жылуу, Кара деңиздин жээгинде жайгашкан, мен бала кезимден бери бул жака барууну кыялданчумун.

- Кетүүгө камдануу үчүн канча акча сарптадыңыз?

- Чет өлкөдөн жумушка орношуу үчүн компания тандап жаткан кезде, мага тааныштарымдан эч кандай сунуштар болгон жок. Интернеттеги жарнама гана жардам берди. Компания иш берүүчү менен келишим түзүү жана виза алуу тууралуу кеп кылып жаткан. Мен туристтик визадан үмүттөнгөн элем, бирок Шенген аймагында жүрүү жана жүрүү мөөнөтүн чектөөдө ал жумуш визасы болот экен.

Келечектеги жумуш берүүчүм эмгек келишимин тастыктады. Жумушка орноштуруу агенттиги аны менен менин атымдан келишим түзгөн. Агенттиктин кызматы 30 миң сом, элчиликте маектешүүгө катталуу жана виза алуу үчүн 1 миң 500 сом талап кылды.

Мага виза алуу үчүн Астанага же Алматыга барбай турганымды айтышты. Бирок, болбой эле Казакстандын мурдагы борборуна бир күн барууга туура келди – менин жеке катышуум талап кылынды. Консулдук бөлүмдө жарым күн болуп, документтерди тапшырдым. Бардык процедуралардан кийин иш берүүчү Бишкектен Болгарияга жана кайра артка жол кире, жатакана жана үч маал тамак-ашымдын каражатын төлөдү.

Бишкектен «Turkish Airlines» авиакаттамы менен Стамбулдун Ататүрк аэропортуна учуп келдим. Аэропорттон Стамбулга ыңгайлуу автобус менен жөнөдүк. Бул сапар 158 түрк лирасын (4 АКШ долларын) түздү, ал эми Стамбул менен Болгариянын автовокзалдарынын ортосундагы Кара деңиздин кооз жээги менен жол 8 саатка созулду. Бул жолдун акчасын ин берүүчү төлдү.

Биз саякаттаган Европадагы атактуу эл аралык «Метро» ташуучунун автобустары абдан ыңгайлуу, үч маал тамагы жана интернети бар. Ошол эле учурда алар график боюнча гана жүрүшөт жана дээрлик жарымы бош. Автобустарга билеттер учак сыяктуу алдын ала брондолот. Бирок бош орундар көп болсо, мисалы, терезеге же көлөкө тарапка жылып отуруп алууга тыюу салынат. Сатып алынган билетке ылайык, өз ордүңузга гана отура аласыз.

- Мейманка тууралуу айтып берсеңиз.

- Эсиңиздеби, совет доорунда Болгарияда, өзгөчө «Күнөстүү жээк» жана «Алтын кум» курортторунда эс алуу канчалык популярдуу болгон. Болгария советтик жарандар профсоюздук уюмдар аркылуу бюджеттик эс алууга чыга ала турган бир нече өлкөнүн бири болгон. 

Төрт жылдыздуу «Longosa» мейманканасы жайгашкан жер Күнөстүү жээк деп аталат. Бул мейманкана ыңгайлуу, бардыгын камтыган көл жээкке болгону 4 мүнөт, Археологиялык музейден 4 км, Бургас аэропортунан 25 км жана Варнадан бир жарым сааттык аралыкта жайгашкан.

Мейманканага келип, мен социалисттик мезгилдегидей ой жүгүрттүм. Салыштыра турган нерсем бар – Түркияда беш жылдыздуу «Royal Beach» жана «Amara Dolce Vita» мейманканаларында эс алууга мүмкүнчүлүк болду. Бирок Longosa тейлөө жагынан бюджеттик мейманкана, бирок абдан таза жана ыңгайлуу. Анын конокторунун көбү пенсионерлер, балалуу үй-бүлөлөр жана жаштар. Мага европалык улгайган жубайлар өзгөчө таасир калтырды, себеп дегенде алар бири-бирин абдан кунт коюп угуп, сыйлап турушат экен.

Iongosa белгилүү бир архитектура менен курулган, ал көптөгөн жабык мейкиндиктерге ээ. Бардык жерге тепкичтер менен көтөрүлүп чыгасың, ал эми биз иштеген блокто «абага» чыга турган жер да жок болчу. Бизде кызматтык кеңсе да жок болчу, жумуш күнүбүз мейманкананын бөлмөлөрүн, залдарын жана тепкичтерин  тазалоо менен өтчү. Мейманкананын бешинчи кабатынан кызматкерлердин кабинеттери турган ылдыйкы кабаттарга түшүүгө туура келди. Бул ыңгайсыз болду.

Ар жума сайын эс алуучулардын агымы алмашып, арабыздан ар кандай адамдар өтүп жатты. Биз кылдаттык менен абийирдүүлүк менен иштедик. Бул мейманкананын конокторун ушунчалык таң калтыргандыктан, алар тазалык үчүн ыраазычылык сөздөрү менен бөлмөлөрүн тазалатуудан баш тартышып, акчалай сыйлыктарды берүүгө умтулушту. Мен башында советтик менталитет менен кабыл алып, алгандан баш тартып жаттым, бирок кийин бул тоскоолдукту жеңип, бул нерсени мейманкананын корпоративдик маданиятынын бир бөлүгү катары ыраазычылык менен кабыл ала баштадым.

– Күн тартибиңиз кандай болчу?

– Биз мейманкананын өзүндө кызматкерлер үчүн атайын даярдалган ыңгайлуу бөлмөлөрдө жашадык. Ар бир бөлмөдө экиден адам жашачу. Эртең менен жыйналыш өткөрүлчү мейманкананын башкаруучусу ал күнү аткарыла турган иштер менен тааныштырчу. Күнүмдүк тазалоодон сырткары, айрым күндөрү люстраларды, витраж терезелерди, панелдерди жуу сыяктуу кошумча иштер да кирип калчу. Жумуш тартиби – алты күн иштеп, бир күн дем алыш.

Мен менен кошо Бишкектен келген эки кыз иштечү. Ар күнү үч кабатты тазалап чыгуу керек: 30 номер, алардын ичинен төртөө люкс-класстагы бөлмөлөр. Кимдир бирөө дем алышка чыкса, калганына эки эсе жүк түшчү – нормабыз көбөйчү. Бул абдан оор болчу, ошондуктан контракттын аягында биз такыр эле дем алыш албай калдык.

Жумуш күнү эртең мененки саат 8:00дө башталып, 17:00дө аяктачу. Энергиябыз калса, деңиз жээгинде сейилдеп же сууга түшүп келчүбүз. Көбүнчө жээктен мекендештерибизди жолуктуруп калчубуз. Таанышып, маалымат бөлүшчүбүз. Ошондо түшүндүм ар кимдин иш шарты ар башка экенин. Айрым балдар жатаканада жашап, аларды эртең менен автобус менен мейманканаларга жеткирип, кечинде кайра алып кетишчү.

Айлыгыбыз болсо банктык картага түшчү. Күнүмдүк эмгек акыбыз 50 лев (26 евро) болчу. Мындан тышкары, айына 200 левге (100 евро) азык-түлүк талондору берилчү. Мен ал талондорду жергиликтүү жумушчуларга «бирге эки» курсу менен акчага алмаштырып, 50 еврону накталай түрдө алып жүрдүм. Себеби, мейманканада үч маал тамак берилчү. Ал эми жергиликтүү кызматкерлер ошол талондор менен дүкөндөн товарларды арзаныраак, 50% пайда менен сатып алышчу.

Айлык акымды толук контрактан кийин алдым.

– Болгариянын башка жерлерин да көрүп келдиңизби?

– Ооба, албетте. Европанын эң байыркы шаарларынын бири  Несебыр деген кооз шаарга бардык. Туристтер ал жерден эстеликке сувенирлерди алыш үчүн барышат. Коомдук транспорт менен барсаң адам башына 2 лев (1 евро), ал эми экскурсиялык автобус же поезд менен барсаң 3 эсе кымбат - 6 лев (3 евро).

Андан тышкары, дем алыш күндөрү барып келүүгө ыңгайлуу болгон Бургас деген дагы бир шаар бар. Мындан тышкары, Болгариянын Кара деңиз жээгиндеги эң кооз шаары – Варнага да барып келдим.

– Болгариянын расмий акча бирдиги жөнүндө айтып берсеңиз.

– Азыр Болгариянын улуттук валютасы болгар леви. Эл арасында аны «кинт» деп да коюшат. Айланууда 2, 5, 10, 20, 50 жана 100 левдик купюралар жүрөт. Евро азырынча расмий акча эмес, бирок 2026-жылдын 1-январынан тартып Болгария еврого өтөт. Бул үчүн зарыл болгон бардык талаптар аткарылды, Европа борбордук банкы менен Еврокомиссия макулдугун беришкен.

 Материалдык жактан алганда, «мээнетим акталды» деп айта аласызбы?

– Ооба, сөзсүз! Мен күткөндөн да көбүрөөк акча таптым. Себеби айлыктан тышкары азык-түлүк талондору жана чайпулдар кошулду. Биз кызмат көрсөтүү тармагында акча берип ыраазычылык билдирүүгө анча көнбөгөн элбиз. Ошондой учурларда Вахтанг Кикабидзе каарманы ойногон «Мимино» тасмасынан бир эпизод эсиме түшөт, ал киши акыркы тыйындарын берип жатып: «Арткан акча кереги жок» – деп койгон эле.

Бишкекке кайтып келгенде, тапкан акчамдын бир бөлүгүн депозитке салдым, акча иштеп турсун. Калган бөлүгү күнүмдүк керектөөгө, неберелерге кызыктуу нерселер менен алек болууга жана үй-бүлөгө жагымдуу болгон белектерге жумшалат.

Кээде кыйын, оор күндөр да болду. Бирок мен үчүн эмгек миграциясы мыкты мүмкүнчүлүк болду. Жашоомду жаңылап, кыялымды ишке ашырып, көптөгөн таасирлерге ээ болдум, үй-бүлөлүк бюджетти толуктай алдым. Эң негизгиси – жакындарымды жана мекенимди кандай катуу сүйөрүмдү тереңден түшүндүм.

– Гүлзат, кызыктуу маек үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталы бишкектик тургундун Улуу Британиядагы кулпунай фермасында иштегени тууралуу айтып берген. Ал эмгек миграциясынын оң жана терс жактары менен бөлүшкөн.

Сүрөт: Маектешибиз Гүлзаттын жеке архивинен, башкы сүрөт – «Iongosa» мейманканасынын сайтынан алынган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.