Бул тууралуу Tagesschau басылмасы билдирди.
Еврокомиссиянын маалыматы боюнча, платформа Евробиримдиктин коопсуздук талаптарына жооп бербеген жасалма продукцияларды, кооптуу электроникаларды, кубаттагычтарды жана балдар оюнчуктарын дайыма сунуштап турган. Кээ бир азыктарда уруксат берилген ченден ашкан зыяндуу химиялык заттар бар экени аныкталган.
Айып пул салуудан мурун Еврокомиссия Temu”дан тобокелдиктерди баалоону жана аянтчанын ишин Европанын санариптик мыйзамдарына ылайык келтирүүнү бир нече жолу талап кылган.
Буга чейин Европа Биримдигинин бийлиги Google компаниясына Санариптик рыноктор жөнүндөгү мыйзамды (DMA) бузуу боюнча антимонополдук иликтөөнүн алкагында көп миллиондогон айып пул салууга даярданып жатканы да кабарланган.
Эскерте кетсек, Кытайдын Temu маркетплейс Кыргызстанда 2025-жылы салык төлөй баштаган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.