Белгилүү кытай маркетплейси Temu Кыргызстанда салык төлөй баштады

Бөгөт коюу коркунучунан кийин Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүп жаткан Кытайдын Temu маркетплейси МСКга салык төлөй баштады.

Белгилүү кытай маркетплейси Temu Кыргызстанда салык төлөй баштады
Сүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү ишкерлер Temu платформасы салык төлөп жатабы деген суроо менен Салык кызматына кайрылышкан. Буга байланыштуу ведомство интернет-дүкөндүн өкүлдөрү менен байланышып, алардын салыктык милдеттенмелер тууралуу маалымат беришкен.

«Алгач Temu биздин билдирүүгө көңүл бурган эмес. Бирок биз Башкы прокуратура менен биргеликте ага Кыргызстандын аймагында бөгөт коюу боюнча сотко арыз даярдаганыбызда, компаниянын өкүлдөрү МСКга келишкен», — деди Ысабеков.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, маркетплейс өлкөнүн салык органдарынан каттоодон өтүп, салык төлөмдөрүн төгө баштаган.

Буга чейин, 2024-жылдын декабрында Temu кыргыз тарап менен «Ат-Башы» логистикалык борборунун долбоору алкагында кызматташууга даяр экенин билдирген болчу.

Эске салсак, Салык кызматында Temu платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда платформанын каттоодон өтүүсү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү маселелери козголгон. 

Temu — белгилүү кытай интернет-дүкөнү, ал Кыргызстанда товарларынын түрүнүн көптүгү жана албетте арзандыгы менен популярдуу болууда.