Кыргызстанда мыйзамдарды издөө үчүн жаңы сервис ишке кирди

Кыргызстандын Юстиция министрлиги укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын пилоттук версиясын ишке киргизди.

Кыргызстанда мыйзамдарды издөө үчүн жаңы сервис ишке кирди
Иллюстрациялык сүрөт

Ведомстводон билдиришкендей, платформа тармактар боюнча ченемдик-укуктук актыларды системалаштырат жана аларды издөөнү, колдонууну бир топ жеңилдетет. Жер, салыктар, эмгек, сот адилеттиги жана башка багыттар боюнча керектүү документтерди эми тезирээк табууга болот. 

Ресурстун жаңы версиясы укуктук документтерди издөөнү жана колдонууну кыйла жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан.

Мекеме жарандарды myizam.kg ресурсун сынап көрүүгө жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды калтырууга чакырды.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.