Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Каржылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей:
- 31 млн АКШ доллары бүтүм жасалган күнү эсептешүү менен ишке ашырылган;
- 52 млн АКШ доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнү эсептешүүлөр менен ишке ашырылган.
Жалпысынан быйыл жөнгө салуучу 7 интервенция жүргүзгөн, алардын эң ириси 173,9 миллион долларды түзгөн.

Белгилүү бир убакыттарда Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн турукташтыруу максатында валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзөт. КРнын Улуттук банкы чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу жолу менен интервенция жасайт, бул рыноктогу суроо-талаптарга, сунуштарга жана албетте алмашуу курсуна таасирин тийгизет.
Эске сала кетсек, Улуттук банк 2020-жылдан 2024-жылга чейин 99 интервенция жүргүзгөн. Жөнгө салуучу орган валюта рыногуна 2,9 миллиард доллар саткан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.