Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк эсептик ченди бешинчи жолу 12% деңгээлинде калтырды

Кечээ, 26-октябрда Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 27-октябрдан тартып күчүнө кирет.

Улуттук банк эсептик ченди бешинчи жолу 12% деңгээлинде калтырды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы жогорку өнүгүү темпин көрсөтүүнү улантууда. 9 ай ичинде реалдуу ИДП 10,8 пайызга өстү. Экономиканын өсүшү, негизинен курулуш секторундагы жогору инвестициялык жигердүүлүк, ошондой эле калктын айкын кирешесинин өсүшүнүн алкагында ички керектөөнүн артышы менен колдоого алынууда. Туристтик ишкердик жана өлкөдө өткөрүлүп жаткан ири эл аралык иш-чаралар экономиканын өсүшүнө кошумча колдоо көрсөтүүдө.

2026‑жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү сентябрь айындагы 12,2% деңгээлинен төмөндөп, 10,8 пайызды түздү. Кыргызстанда инфляцияга Жакынкы Чыгышта орун алып жаткан кагылышуудан улам дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа коньюнктурасынын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан тышкы факторлор таасирин тийгизип жатат. 

«Акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияга монетардык факторду чектөөгө багытталган. Экономикадагы акча-кредиттик катуулатылган шарттар сакталууда, бул тышкы шарттардын өлкөдөгү баалардын өзгөрүшүнө таасирин минималдаштырууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Улуттук банк акча-кредит саясатынын инструменттери аркылуу экономикадагы акчанын көлөмүн жигердүү  жөнгө салуу ишин улантууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери, анын ичинде банктар аралык BIR рынок чени, Улуттук банктын эсептик чендерине жакын белгиленген пайыздык чекте калыптанат. Ички валюта рыногундагы абал туруктуу сакталууда», - деп жазылат маалыматта. 

Дүйнөдө жана аймакта инфляцияны күчөтүүчү тышкы факторлорду эске алуу менен өлкөдө инфляциянын максаттуу көрсөткүчүн орто мөөнөттүү келечекте 5-7%га чейинки деңгээлде камсыз кылуу максатында, эсептик ченди 12% деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча план чегинде кийинки отуруму 2026-жылдын 30-ноябрында өтөт.

2025-жылдан бери эсептик чен кандай өзгөрдү

Эскерте кетсек, 2025-жылдын январында жөнгө салуучу орган эсептик ченди бешинчи жолу 9% деңгээлинде калтырган. Февраль, апрель жана май айларында финансылык жөнгө салуучу орган ченди өзгөртүүсүз калтырган. 

Июль айында Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыздан 9,25 пайызга чейин көтөрүп, августта аны сактап калган. Октябрь айында чен 9,25%дан 10%га көтөрүлсө, ноябрда Улуттук банк эсептик ченди 11%га көтөргөн. 

2026-жылдын январында КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 11% деңгээлинде сактап калган. 23-февралда УБ эсептик ченди 11 пайыздан 12 пайызга көтөрдү, апрель айында эсептик ченди 12% деңгээлинде сакталган, ал эми май айында дагы 12% бойдон калды. Июль айында Улуттук банк эсептик ченди үчүнчү ирет 12% деңгээлинде калтырган. Август айында бул чен төртүнчү ирет өзгөрүүсүз калган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.