Банктардын эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга берилген уруксаттын мөөнөтү дагы узартылды

Кыргызстандын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү дагы жарым жылга узартылды. Эми аларды республиканын чегинен тышкары алып чыгуу укугу 2026-жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот.

Банктардын эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга берилген уруксаттын мөөнөтү дагы узартылды
Сүрөт: WWW

Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, коммерциялык банктарга 2026-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилди.  

Эске салсак, КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 14-июлунда комбанктарга эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга 2025-жылдын 1-октябрына чейин уруксат берген. Ал «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген. 

Андан соң, КРнын комбанктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү мөөнөтү дагы жарым жылга, тагыраагы 2026-жылдын 1-апрелине чейин узартылган. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.