Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды.
Анда төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
Коммерциялык банктарга 2026-жылдын 1-апрелине чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
Жаңы токтом менен кененирээк бул шилтемени басып таанышсаңыз болот.
Эске салсак, КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилген.
Коммерциялык банктар төмөнкүлөргө милдетүү болгон:
- накталай АКШ долларын экспорттоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого;
- накталай АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көрсөтүлгөн операция жөнүндө маалымат (отчет) берүүгө.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.