Улуттук банк банктарга эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берди

Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык Улуттук банк токтом кылат:
КРнын Улуттук банкынын 2022-жылдын 11-мартындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына карата накталай чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүгө убактылуу чектөөлөр жөнүндө» токтомунун аракетип токтотуп, 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек накталай АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилди.
Бул чаранын максаты КРнын банк тутумунда нак чет өлкө валютасынын ликвиддүүлүгүн натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат.
Коммерциялык банктар милдетүү:
- накталай АКШ долларын экспорттоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого;
- накталай АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көрсөтүлгөн операция жөнүндө маалымат (отчет) берүүгө.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.