Курс USD 87.30 / 87.79
Курс EUR 98.64 / 99.64
Курс RUB 1.098 / 1.132
Курс KZT 0.117 / 0.188
USD USD
87.30 / 87.79
EUR EUR
98.64 / 99.64
RUB RUB
1.098 / 1.132
KZT KZT
0.117 / 0.188

КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-майда эсептик ченди (негизги чен) 9% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 27-майдан тартып күчүнө кирет.
КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди сактап калуусун дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин соода саясатынын өзгөрүшү жана геосаясий факторлор менен шартталган, дүйнөлүк финансы жана чийки зат рынокторунда орун алып жаткан белгисиздик абал менен түшүндүрдү.

 «Бул экономикасы ачык жана рыногу калыптанып келе жаткан өлкөлөр үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат жана Кыргыстандын экономикасынын түзүлүшүнө жараша, мындай тышкы факторлор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү келечегине белгисиздикти пайда кылат», - деп жазылат маалыматта.   

Негизги экономикалык көрсөткүчтөр:

  • 2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде ИДӨнүн реалдуу өсүшү 11,7 пайызды түздү, бул 2024-жылдагы тиешелүү мезгилине салыштарганда.
  • Керектөө баалары 2025-жылдын башынан тартып 2,9 пайызга өскөн, ошол эле учурда жылдык инфляциянын көрсөткүчү 7,7 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. 

ИДПнын өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтары кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай тармагы болгон.

2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде экономиканы кредиттөө 15,6 пайызга өскөнү байкалган, кредиттер негизинен керектөө максаттары, соода жана айыл чарба тармагын каржылоо максаттары үчүн берилген. 

Банк системасынын депозит базасы өтүп жаткан жылдын төрт айы ичинде 16,1 пайызга өскөн.  

Улуттук банк белгилегендей, инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына берилген баа жылдык инфляциянын көрсөткүчү ушул жылдын акырына карата орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде калыптанат. 

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот жана инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. 

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки отурум 28-июлда өтмөкчү.  

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.