Инфляциядан улам Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9,25%га чейин жогорулатты

Улуттук банктан түшүндүргөндөй, өлкөдө инфляция орточо чекте сакталып турат: инфляциянын көрсөткүчү 2025-жылдын башынан тартып 4,6 пайызды, жылдык мааниде – 8,7 пайызды түздү.
Инфляция түзүмүнө эң чоң салымды азык-түлүк товарларга болгон баалардын өсүшү кошкон. Бул убактылуу жана сезондук факторлордон улам байкалган. Ошондой эле инфляцияга тарифтерди план чегинде жогорулатуунун алкагында электр энергиясына болгон бааларды корректировкалоо негизги салымды кошкон.
Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон сакталып турат, ал эми ички суроо-талап калктын кирешелеринин өсүшүнө байланыштуу жогорулашын улантууда. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын жеке каржылоо эсебинен да, фискалдык каналдын каражаттарынын эсебинен да көбөйүшү байкалууда. 2025-жылдын январь-июнь айларында реалдуу ИДӨнүн 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүшү 11,7 пайызды түзгөн. Бул негизинен, кызмат көрсөтүүлөр, курулуш жана өнөр жай секторундагы өсүш менен шартталган.
Акча-кредит шарттары баа туруктуулугун орто мөөнөттүү мезгилге белгиленген 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүч чегинде камсыз кылууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан монетардык саясаттын чаралары банктар аралык акча рыногунда туруктуулукту сактап турууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан, өлкөнүн банк системасында улуттук валютадагы ликвиддүүлүк жогорку көлөмдө сакталып турат. Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада акча сунушунун тең салмактуу деңгээлин кармап туруу максатында монетардык операцияларды жүргүзүп келет.
Валюта рыногундагы абал туруктуу. Чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана аны сунуштоо балансынын рыноктук түзүлүшү шарттарында алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат.
Ошону менен катар эле Улуттук банк, тышкы экономикалык чөйрөдөгү белгисиздиктин деңгээли геосаясий факторлордун күчөшү жана дүйнөлүк соода саясатындагы өзгөрүүлөрдүн шартында бир топ өскөнүн, бул тышкы инфляциялык факторлорду жана дүйнөлүк азык-түлүк менен чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн шарттай турганын белгиледи.
«Кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге инфляция факторлоруна талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясаты келечекке багытталгандыгын эске алуу менен, өлкөдө орто мөөнөттүү мезгилге карата баа туруктуулугун сактоо үчүн бүгүнкү күндө эсептик чендин өлчөмүн 25 базистик пунктка 9,25 пайызга чейин жогорулатуу максатка ылайык деп каралууда», - деп жазылат маалыматта.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот жана инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.
Аталган банктын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 25-августунда өтмөкчү.
Белгилей кетсек, 9% эсептик чен узак убакыт бою сакталып келген - 2023-жылдын аягынан 2024 жана 2025-жылдардын көпчүлүк бөлүгүндө. Буга чейинки өзгөртүү 2022-жылдын ноябрында болуп, анда чен 14%дан 13%га, андан кийин этап менен 9%га чейин төмөндөтүлгөн. 2024-жылдын май айынан баштап Улуттук банк позициясын сактап, орточо инфляциянын жана туруктуу макроэкономикалык кырдаалдын шартында ченди 9% деңгээлинде өзгөрүүсүз калтырган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.