Коомдук талкуу
Финансылык жөнгө салуучу орган 2024-жылдын 27-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтомдун долбоору чет мамлекеттерде иш алып барган Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу бөлүгүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
«Кыргыз Республикасынын банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салууну эл аралык пруденциалдык стандарттарга ылайык өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктарына Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен чет мамлекеттерде иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында, колдонуудагы ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты», - деп жазылат маалымкат-негиздемеде.
Буга байланыштуу, 2024-жылдын 27-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр даярдалды.
Бул маселе чет өлкөлөрдө филиалдарын ачууну караштырып жаткан КРнын коммерциялык банктарына тиешелүү. Учурда бир коммерциялык банк чет өлкөлүк филиалды иштетүүгө уруксат алуу процессинде турат. Банк секторунун өнүгүү келечегин эске алганда, бул маселе барган сайын актуалдуу бойдон калышы мүмкүн.
Эл аралык тажрыйбадан
Эл аралык банктык тажрыйбада банктардын чет өлкөдөгү филиалдары аркылуу иши банк түзүлгөн өлкөнүн жана филиал жайгашкан мамлекеттин талаптарын бир эле учурда сактоо менен ишке ашырылат.
Мындай банктарды көзөмөлдөө, адатта, капиталдын жетиштүүлүгүнө, активдердин сапатына, тобокелдиктердин концентрациялануусу жана корпоративдик башкаруу системасына баа берүүнү кошо алганда, анын чет өлкөлүк бөлүмдөрүнүн операцияларын эске алуу менен банк түзүлгөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошол эле учурда кабыл алуучу мамлекеттердин жөнгө салуусу филиалдардын ишине өзүнчө талаптарды, анын ичинде тобокелдиктерди тескөөгө, ички контролдоого жана тиешелүү жөнгө салуунун болушунда капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо боюнча ички жол-жоболорго карата талаптарды камтышы мүмкүн.
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. Сунуш кылынган токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт.
Эскерте кетсек, Улуттук банктын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» токтом долбоору 2024-жылдын июнь айында коомдук талкууга коюлган. Кийинчерээк, 2025-жылдын январь айында аталган токтом кабыл алынган.
2026-жылдын апрель айында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. Документ чет өлкөлөрдө филиалдарын ачууну пландаштырган КРдеги коммерциялык банктарга багытталган. 2026-жылдын июнь айына карата аталган документ кабыл алынган, анын максаты КРнын коммерциялык банктарынын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу УБнын ченемдик базасын өркүндөтүү жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу болгон.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.