Улуттук банк «Берекет Банк» жана «Айыл Банкка» лицензия берди

2025-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Берекет Банк» ЖАК жана «Айыл Банк» ААКка лицензия берди.

Улуттук банк «Берекет Банк» жана «Айыл Банкка» лицензия берди
Сүрөт: Banks.kg

КРнын Улуттук банкы билдиргендей, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен:

  • «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилген; 
  • «Айыл Банк» ААКка башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар жана жогорку сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан монеталар түрүндөгү баалуу металлдар менен накталай формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилген. 

Эске салсак, 2025-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» ЖАКты түзүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.