Улуттук банк «Берекет Банк» ЖАКсын уюштурууга уруксат берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Улуттук банк «Берекет Банк» ЖАКсын уюштурууга уруксат берди
Сүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

Эске салсак, 2025-жылдын сентябрь айынын ортосунда Улуттук банк «Кылым Банк» ААКсын уюштурууга уруксат берген. 2025-жылдын январь айында КРнын Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен «Кылым Банк» ААКсын түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Ушул жылдын август айында Улуттук банк жаңы 3 каржылык уюмга уруксат берген - «Алма Финанс Банк» ЖАК,  «Мурас Банк» ЖАК,  «Асман Банк» ЖАК.