Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын чечими менен «Мурас Банк» жабык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди.
Эске салсак, мындан бир аз мурдараак «Берекет Банк» ЖАК жана «Алма Финанс Банк» ЖАК Кыргызстандагы 22-23-банк болуп, улуттук жана/же чет элдик валютада банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алышкан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.