Кезектеги интервенцияда Улуттук банк рынокко 207,1 миллион доллар сатты
Бул финансылык жөнгө салуучу органдын он төртүнчү интервенциясы болуп саналды. Улуттук банк 207,1 миллион АКШ долларын сатты, муну менен 2026-жылы сатылган чет өлкө валютасынын жалпы көлөмү 2,5 миллиард долларга жетти.

«Улуттук банктын валюта рыногундагы операциялар» бөлүмүндө төмөнкүдөй айтылат:
- 96,4 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды;
- 110,7 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды.
Бул ушул жылдын ноябрь айындагы экинчи интервенция.
2026-жылы Улуттук банк төмөнкү суммаларда 13 валюталык интервенция жүргүздү:
- 134,05 млн доллар;
- 109,95 млн доллар;
- 162,55 млн доллар;
- 140 млн доллар;
- 178,9 млн доллар;
- 168 млн доллар;
- 170,2 млн доллар;
- 222,55 млн доллар;
- 186,4 млн доллар;
- 196,2 млн АКШ доллары;
- 202,7 млн доллары;
- 207,55 миллион доллар;
- 214,5 млн доллар.
Жүргүзүлгөн 14 интервенциянын жүрүшүндө жөнгө салуучу 2 млрд 500 млн 650 миң АКШ долларын сатты.

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.
2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.