Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системага кошулуу эрежелерин тактады

Төлөм уюмдары жана карта операторлору үчүн тандоонун кошумча критерийлери киргизилүүдө. Бул жаңы чаралар банктар аралык төлөмдөрдүн коопсуздугун бекемдөөгө жана ченемдик талаптарды республиканын Санариптик кодексине шайкеш келтирүүгө багытталган.

Улуттук банк айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системага кошулуу эрежелерин тактады
Сүрөт: Banks.kg

Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. 

Токтом долбоору төмөнкү максаттарда  иштелип чыккан: 

  • төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын адистештирилген катышуучулары катары туташтырууда кошумча талаптарды белгилөөаркылуу финансылык жана операциялык тобокелдиктерди азайтуу; 
  • КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын 2025-жылы кабыл алынган Санариптик кодексине ылайык келтирүү. 

Долбоордо алар жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн жана көрсөткөн кызматтарынын мүнөзүн эске алуу менен, ГСРРВге адистештирилген катышуучулар катары туташа ала турган адамдардын чөйрөсүн тактоо жана конкреттештирүү каралган. 

«Буга байланыштуу адамдарды ГСРРВнин адистештирилген катышуучуларына киргизүүнүн кошумча критерийлерин аныктоо жана алардын системага катышуусуна тиешелүү талаптарды белгилөө сунушталат. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр өз ишмердүүлүгүнүн мүнөзүнө жана аткарган функцияларына ылайык ГСРРВге адистештирилген катышуучулар катары катыша турган адамдарды аныктоого так жана бирдиктүү мамиле түзүүгө багытталган», - деп жазылат токтом долбоорунун түшүндүрмө берүүчү бөлүгүндө. 

ГСРРВ жөнүндө жобонун 23-пунктунда жакын тутумдардын операторлоруна адистештирилген катышуучулар катары төмөнкүтөлөм системаларынын операторлорун - банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүсистемасынын операторун жана өз ара аракеттенүүоператорун киргизүү сунушталат. 

Аталган токтом долбоорунун салыштырма таблицасында төмөнкүлөр сунушталат: 

«Улуттук банкта корреспонденттик (күндөлүк) эсеби жок, бирок система менен тике коммуникациялык байланышы бар жана системанын тике катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспонденттик (күндөлүк) эсептери боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү максатында гана система менен түздөн-түз өз ара иш алып барган катышуучу системанын адистештирилген катышуучусу болуп саналат». 

Адистештирилген катышуучулар болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Улуттук банктын автоматташтырылган системалары: 

  • автоматташтырылган соода системасы;
  • майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы; 
  • санарип сом платформасы; 

2) Тутумдаш системалардын операторлору: 

  • банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору; 
  • өз ара аракеттенүү операторлору; 
  • тез төлөмдөр системасынын оператору.

Долбоордо социалдык чөйрөдө, укук коргоо жагында укуктарды чектеген нормалар, гендердик жана экологиялык чектөөлөр камтылбайт.

Токтомдун долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.  

Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга болот. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.