Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, платформалар 2026-жылдын 22-июлунан тартып пилоттук режимде иштеп жатат. Жумуш издөө үчун шилтемелер Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg жеткиликтүү.
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Түркебекова билдиргендей, жаңы система жумуш издеген жарандарды, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик чөйрөгө бириктирүүгө багытталган.
«Бүгүнкү күндө миңдеген жарандарыбыз татыктуу жумуш издеп жатышат, ал эми иш берүүчүлөр квалификациялуу адистерге муктаж. Мамлекеттин негизги милдети - бул эки тараптын ортосунда мүмкүн болушунча ачык, тез жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу», – деп белгиледи ал.
Порталдар аркылуу жарандар өлкө боюнча актуалдуу бош жумуш орундар базасына кире алышат, жумуш издеген адам катары каттала алышат, Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө барбастан арыз бере алышат, резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзө алышат.
Иш берүүчүлөргө бош жумуш орундарын өз алдынча жана акысыз жайгаштыруу, керектүү адистерди издөө жана бош жумуш орундары тууралуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
«Эң негизгиси - порталдагы бардык кызматтар жарандарга жана иш берүүчүлөргө толугу менен акысыз көрсөтүлөт», – деди Туркебекова.
Анын айтымында, платформалардын милдети бош жумуш орундарын гана жайгаштыруу менен чектелбейт. Система жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты талдоого, талап кылынган кесиптерди аныктоого жана адистер жетишсиз болгон аймактарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Кийинки этапта жеке сектор үчүн «Электрондук эмгек келишими» жана «Электрондук эмгек китепчеси» модулдарын киргизүү пландалууда.
Министрликтен санариптештирүү адам факторунун таасирин жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүдө негизсиз кийлигишүү тобокелдиктерин азайтууга тийиш экенин белгилешти.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.