2026-жылы кайсы кесип ээлеринин айлыгы көтөрүлөт

2026-жылы айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик ЖМКга берген маегинде билдирди.

2026-жылы кайсы кесип ээлеринин айлыгы көтөрүлөт
Иллюстрациялык сүрөт

Анын айтымында, 2025-жылга республикалык бюджетте эмгек акы төлөөгө 130 миллиард сом каралса, анын 18 миллиард сому айлыкты көбөйтүүгө багытталган.

Ал белгилегендей, 2026-жылы өкмөт бюджеттик тармактын кызматкерлеринин кирешесин да бир топ жогорулатууну пландаштырууда.

«Айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Биринчи этапта 1-апрелден баштап мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгын 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз. Экинчи этабында 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга чейин көбөйтөбүз», - деп белгиледи Касымалиев

Ал кошумчалагандай, буга байланыштуу 39 млрд сом кошумча каражат эмки жылдын бюджетине киргизилди.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.