Садыр Жапаров Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолукту

Бүгүн, 6-октябрда, КРнын президенти Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору менен жолугушту. Тараптар виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолукту
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Бул тууралуу КРнын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы улуттук валютага – сомго байланган KGST жаңы санариптик активин чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.

Ал Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта – санарип сом долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгилеп өттү. Платформанын демо-версиясы сыноо режиминде иштеп жатат.

Жакынкы аралыкта аны реалдуу маалыматтарды колдонуу менен сыноо пландаштырылууда. Келечекте санарип сомду өлкө ичинде жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонууну кеңейтүү үчүн KGST менен интеграциялоо каралган.

Рейчел Конлан Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга болгон сапары эл аралык резонанс жаратканын белгилеп, Binance командасы кийинки этаптарга, анын ичинде узак мөөнөттүү илгерилетүү, коммуникация жана билим берүү демилгелерине катышууга даяр экенин билдирди. 

Ал Садыр Жапаровго жергиликтүү санариптик активдердин экосистемасын түзүү боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, Binance компаниясынын кеңири өнөктөштүк тармагы жана колдонуучулардын ири базасы бар экенин, бул долбоорду илгерилетүүгө көмөктөшө алат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.