Садыр Жапаров Binance компаниясынын негиздөөчүсү менен санарип сомдун өнүгүүсүн талкуулады

Президент Садыр Жапаров Binance ири криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чан Пэн Чжао менен видео-байланыш аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Binance компаниясынын негиздөөчүсү менен санарип сомдун өнүгүүсүн талкуулады
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чан Пэн Чжао Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. 

Санариптик каржынын өнүгүүсү 

Тараптар үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы өлкөдө виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстанда виртуалдык активдер жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдар дүйнөлүк рынокто активдүү колдонулган көптөгөн жаңы токендердин түрлөрүн, мисалы, стейблкоиндерди жана реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди (RWA) камтыбайт. Буга байланыштуу ал Кыргызстандын реалдуу активдерин токенизациялоо боюнча ишти баштоонун максатка ылайыктуулугун белгиледи. 

Мындан тышкары, президент Кыргызстандын Улуттук банкы «санарип сом» долбоору боюнча ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Келечекте аны азыр да өнүгүү стадиясында турган жана техникалык иштер жүрүп жаткан KGST стейблкоини менен байланыштырууга болот. Бул аны өлкө ичинде гана эмес, эл аралык төлөмдөр, ыңгайлуу которуулар жана инвестицияларды тартуу үчүн да колдонууга мүмкүндүк берет. 

«CBDC = KGST байланышы санарип сомду кыйла ишенимдүү кылып, аны колдонууга болгон суроо-талапты арттырат», - деди Жапаров.

Крипто сабаттуулук жана билим берүү 

Мамлекет башчысы Кыргызстанда криптовалюта сабаттуулугун жогорулатууга байланыштуу маселелердин маанилүүлүгүнө, атап айтканда, Binance Academy онлайн курстарын кыргыз жана орус тилдеринде ишке киргизүүгө, ошондой эле Улуттук банктын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн жана блокчейнди жана криптовалюталар менен иштөөнү үйрөнүүнү каалаган студенттер үчүн Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларында тренингдерди өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурду. 

Өз кезегинде Чан Пэн Чжао Бинанс Академиясынын базасында Кыргызстандын криптовалюта сабаттуулугун жогорулатуу боюнча билим берүү программаларынын, тренингдерди өткөрүүнүн актуалдуулугун белгиледи. Ал ошондой эле «санарип сом» долбоорун мындан ары да колдоого даярдыгын ырастады. Мындан тышкары Чан Пэн Чжао реалдуу активдерди токенизациялоо боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди.

Институциялык кадамдар

Мамлекет башчысы Кыргызстанда криптовалюта сабаттуулугун жогорулатууга байланыштуу маселелердин маанилүүлүгүнө, атап айтканда, Binance Academy онлайн курстарын кыргыз жана орус тилдеринде ишке киргизүүгө, ошондой эле Улуттук банктын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн жана блокчейнди жана криптовалюталар менен иштөөнү үйрөнүүнү каалаган студенттер үчүн Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларында тренингдерди өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурду. 

Белгилей кетсек, видео-байланышка Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов жана Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча аймактык өкүлү Кирилл Хомяков катышты.

Эске салсак, Чан Пэн Чжао Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү, президенттин кеңешчиси.