Курс USD 87.19 / 87.69
Курс EUR 101.65 / 102.63
Курс RUB 1.102 / 1.129
Курс KZT 0.140 / 0.181
USD USD
87.19 / 87.69
EUR EUR
101.65 / 102.63
RUB RUB
1.102 / 1.129
KZT KZT
0.140 / 0.181

Санарип сом расмий валютага айланды: Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.
Санарип сом расмий валютага айланды: Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-мартта кабыл алынган. Маалыматка ылайык, документте санариптик сом боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, ошондой эле анын иштешинин жана жөнгө салынышынын укуктук негизин түзүү каралган.

Жаңы нормаларга ылайык, мыйзамда Улуттук банк санарип сомдун эмиссиясын жүргүзүү боюнча өзгөчө укукка ээ экендиги, ошондой эле Улуттук банктын санарип сомду чыгаруу жана жүгүртүү тартибин белгилей жана санарип сомдун платформасын уюштура тургандыгы тууралуу ченемдер каралган.

Документте төмөнкүдөй ченемдер каралган:

  • Санарип сом –өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган Кыргыз Республикасынын санарип түрүндөгү улуттук валютасы;
  • Санарип сом платформасынын оператору Улуттук банк болуп саналат;
  • Санарип сом платформасы санарип сомдун эмиссиясы (чыгаруу), эсепке алуу жана жайылтуу үчүн технологиялык жана программалык инфратүзүмдү билдирет;
  • Улуттук банк: банктар жана анын көзөмөлүндөгү башка жактар үчүн санарип сом операторунун платформасында төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет.

Ошентип, Кыргызстан төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык, санарип сом платформасы иштеген чөйрөдө башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.