Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Отчеттук мезгилде тейлөө тармагынын дүң продукциясы 1 триллион 553,2 миллиард сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 11,3%га өстү.
Тейлөө тармактарынын эң чоң үлүшүн төмөнкүлөр ээлейт:
- дүң жана чекене соода – 36,2%;
- транспорттук кызмат көрсөтүүлөр – 10,3%;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары – 11,9%.
Ички суроо-талаптын көбөйүшү кызмат көрсөтүү секторунун өсүшүнө өбөлгө түздү. Тактап айтканда, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында номиналдуу орточо айлык эмгек акы 19,1%га, ал эми 2025-жылдын январь-декабрында орточо пенсия 6,2%га өскөн. Буга керектөө кредиттеринин кеңейиши да олуттуу таасирин тийгизди: 2025-жылдын январынан ноябрына чейин анын көлөмү 1,7 эсеге өскөн.
Натыйжада, дүң жана чекене сооданын, ошондой эле автоунаа жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү 2025-жылдын январынан декабрына чейин 20,8%га өсүп, 561,6 млрд сомго жеткен. Бул өсүү биринчи кезекте чекене сооданын 20,3% жана дүң сооданын 10,4% өсүшү менен шартталган.
Отчеттук мезгилде жүк ташуу жана аны сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 130,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 11,5 %га өстү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 60,7 млн тонна жүк (өсүү 12,2 %га), ошондой эле 666,8 млн жүргүнчү (өсүү 5,0 %га) ташылды.
Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 14,3%га өсүп, 73,0 млрд. Маалымат жана байланыш кызматтарынын дүң көлөмү 71,1 млрд сомго жетип, өсүү темпи 105,8% түздү.
2025-жылы ИДПны түзүүгө тейлөө секторунун салымы 5,72 пайыздык пунктка бааланат, ал эми ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 51,2%ды түздү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.