Өсүү бар, бирок баарында эмес: Кыргызстанда кайсы тармакта айлык акылар тез өстү

2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 42 954 сомду түздү.

Өсүү бар, бирок баарында эмес: Кыргызстанда кайсы тармакта айлык акылар тез өстү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,1 пайызга көп.

Керектөө бааларынын көтөрүлүшүн эсепке алганда, отчеттук мезгил ичинде реалдуу эмгек акы 10,2 пайызга жогорулады. 

Орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүү темпи экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү боюнча байкалган.

Айлык акынын эң олуттуу өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:

  • кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар — 32,2 пайызга;
  • мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо тутуму — 31,6 пайызга;
  • курулуш тармагы — 30,8 пайызга;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 29,6 пайызга;
  • административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк — 28,5 пайызга; 
  • саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө - 22,8 пайызга;
  • мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгүндө - 20,3%га.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.