2025-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,9 трлн сомдон ашты

2025-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоолор боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1,9 трлн сомдон ашып, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 11,1 пайызга өстү.

2025-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,9 трлн сомдон ашты
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 10,6%га көбөйдү. Бул өсүү бир катар негизги тармактарда өндүрүштүн өсүшү менен шартталган.

Тактап айтканда, төмөнкү өнөр жай тармактарында олуттуу кеңейүү катталган:

  • фармацевтикалык продукциялар -  1,7 эсеге; 
  • резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү -  35,7 пайызга; 
  • жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукциялары -  30,5 пайызга; 
  • тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүү - 30,1 пайызга; 
  • химиялык продукциялар -  19,8 пайызга; пайдалуу кендерди казуу көлөмү -  14,2 пайызга.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 21,1 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,2 пайызды түздү.

Улуттук статистикалык комитет, бул  көрсөткүчтөр 2025-жылдын аягына карата өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарындагы туруктуу өсүүнү чагылдыраарын белгилейт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.