Салык кодексине өзгөртүүлөр 2025-жылдын 29-октябрында КРнын Мыйзамы менен киргизилген.
Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат.
Эми электрондук патент алууда салык органына барып, каттоодон өтүүнүн зарылдыгы жок.
Ошондой эле патенттин негизинде иштеген жеке ишкерди же жеке жакты салыктык каттоо тиешелүү аймакта патент алууда — каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, салык мыйзамдарына салык төлөөчү тарабынан патенттин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракет, утурлама текшерүүдөн тышкары, патент колдонулган мезгил үчүн көчмө салыктык текшерүүгө жатпаган ченем киргизилген. Мында салыктык көзөмөлдүн башка формалары Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.