Маалыматка ылайык, текшерүү Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгы, Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында «Орозалы» күрөөканасы коюлган дооматтарды моюнга алган.
Жарандарга эмнелер кайтарылып берилди:
- мурунку ээси С.У.У. (карыз алуучу) Талас районунда жайгашкан турак үйүн кайра алды.
- он жаранга мурда күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтери кайтарылып берилди.
Мындан тышкары, күрөөкананын жетекчилиги 2024-жылдын жай айларынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жылдык 30%дан жогору мыйзамсыз эсептелген ашыкча пайыздарды карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экендигин билдирди.
Жарандар маселелерди мыйзамда белгиленген тартипте жөнгө салуу үчүн кайрыла алышат.
Уюм жабыркаган жарандардан кечирим сурап, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барууга милдеттенди.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.