Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Салыктык реформа: кимдер 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат?

Кыргызстанда бийлик бизнес үчүн чоң өзгөрүүлөрдү даярдап жатат. Алдыдагы беш жылда кимдер жеңилдик менен азыраак салык төлөй алат, ал эми кимдер үчүн кошумча жүк көбөйөт?

Салыктык реформа: кимдер 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат?
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Президент Садыр Жапаров салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, министрлер кабинетине аталган мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо үчүн тиешелүү сунуштарды киргизүү тапшырылды. Анда IT тармагына, жасалма интеллект жана тиркеме иштеп чыгуучуларга, блогерлерге, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерге, стартаперлерге, кино, видео жана телеберүү өндүрүшү менен алектенгендерге, ошондой эле кабмин аныктаган башка креативдүү жана чыгармачылык багыттарга 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотуу сунушталууда.

Аталган субъекттер үчүн төмөнкүлөр сунушталууда: 

  • киреше салыгынын ставкасын 5% өлчөмүндө белгилөө;
  • мамлекеттик соцкамсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы орточо айлык эмгек акынын 12% өлчөмүндө белгилөө.

Мындан тышкары: 

  • коомдук тамактануу тармагындагы субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет: Бишкек жана Ош шаарларында — 5%, калган аймактарда — 3%;
  • сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 5% өлчөмүндө белгилөө; 
  • турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатууну жүзөгө ашырган субъекттер үчүн төлөмдүн түрүнө карабастан бирдиктүү салыктын ставкасын 4% өлчөмүндө белгилөө.

Ошондой эле, жарлыкта 2026-жыл үчүн салык милдеттенмелери автоматтык түрдө эсептелип чыкканда пайда болгон кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдарды эсептебөө, алтын жана күмүш боюнча тоо-кен казып алуучу жана тоо-кен кайра иштетүүчү ишканалар үчүн эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен киреше салыгынын жогорулатылган ставкаларын белгилөө чаралары каралган. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.