Жеңилдетилген насыялар жана аз текшерүүлөр: Кыргызстанда салык төлөгөндөрдүн рейтинги түзүлөт

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн рейтингин киргизүү институтун ишке киргизүүнү пландап жатат.

Жеңилдетилген насыялар жана аз текшерүүлөр: Кыргызстанда салык төлөгөндөрдүн рейтинги түзүлөт

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бул системаны киргизүүнү караган министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгууда.

Белгиленгендей, жаңы система чакан жана ири бизнеске тең колдонулат. Рейтинг бир катар критерийлердин негизинде түзүлөт. Алардын катарына:

  • салыктарды толук жана өз убагында төлөө;
  • мыйзам бузуулардын жоктугу, отчетторду так берүү;
  • туруктуу ишмердүүлүк;
  • жумуш орундарын түзүү.

Кубанычбек Ысабеков түшүндүргөндөй, эгер салык төлөөчү салыктарды өз убагында жана толук төлөсө, мыйзам бузууларга жол бербесе анда ага жогорку рейтинг ыйгарылышы мүмкүн.  

Ошондой эле көрсөткүчтөрдүн бири катары салыктык жүк да каралышы мүмкүн, мисалы - компания өз тармагы боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес көлөмдө салык төлөгөн учурда бул да эске алынат.

Жогорку рейтингге ээ болгон бизнес үчүн мамлекет кошумча колдоо чараларын карашы мүмкүн. Тактап айтканда, текшерүүлөрдүн санын кыскартуу, жеңилдетилген насыяларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана өзүнчө колдоо программаларын ишке киргизүү тууралуу сөз болууда.

«Эгер эсеп-фактуралар боюнча жана жалпы система боюнча компанияда баары тартипте болуп, мыйзам бузуулар жок болсо, анда текшерүү жүргүзбөй эле коюуга, жеңилдетилген насыяларды берүүгө же өзүнчө колдоо программаларын иштеп чыгууга болот», — деп түшүндүрдү ал.

Келечекте бул ыкма кеңейтилип, ишкерлердин жалпы рейтингине айланышы мүмкүн. Анда салык тартиби менен катар компаниянын жалпы ишкердик статусу да эске алынат.

Мындан тышкары, келечекте мүмкүн болгон критерийлердин катарына бизнестин социалдык жоопкерчилигинин элементтери да киргизилиши мүмкүн, анда кайрымдуулук жардам жана калктын социалдык жактан аяр катмарларын колдоого катышуусу сыяктуу факторлор да каралышы ыктымал.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.