Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда сууларды маркалоо бюджетке 2,8 млрд сом алып келди

Сууларды маркалоо Кыргызстандын бюджетине миллиарддаган каражат алып келди, бирок ошону менен катар эле керектөөчүлөргө суроо жаратты. Эмнеге система кирешенин дароо өсүшүнө алып келди жана бул дүкөндөрдөгү бааларга кандай таасир тийгизди?

Кыргызстанда сууларды маркалоо бюджетке 2,8 млрд сом алып келди
Иллюстрациялык сүрөт

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын январь–март айларында таңгакталган сууларга 42,7 млн эсептик-контролдук марка берди. Маркаланган продукциянын жалпы көлөмү 95,2 млн литрди түздү.

Импорттоочулардан бюджетке 2,8 млрд сом салык түштү, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60,1%га көп.

Таңгакталган сууну маркалоо 2026-жылдын 1-январынан тарта киргизилген. Калдыктарды маркасы жок 1-июлга чейин сатууга уруксат.

Мыйзам бузууда, тагыраагы маркасы жок продукцияны сатууда 100 миң сом өлчөмүндө айып пул жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Ошол эле учурда соцтармактарда баанын өсүшү талкууга түштү: колдонуучулар айрым дүкөндөрдө 0,5 литр суу 70 сомго чейин жеткенине  даттанып жатышат.  

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.