Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Wildberries эл аралык платформасы Кыргызстанда жеткирүүнүн жаңы форматын ишке киргизүүдө – ал маркетплейстин буйрутмаларды берүү пункттарынан «бир баскыч менен» жеткирүү. Эми кардарлар курьердик жеткирүүнү буйрутманы каттоо этабында гана эмес, товарлар буйрутмаларды берүү пунктуна келгенден кийин да кыла алышат. Буйрутмаңыз пунктка келери менен кардарда курьерди чакыруу үчүн атайын баскыч пайда болот.
Кызматка буйрутма бергенден кийин курьер эки сааттын ичинде же кардар тандаган убакытта акысыз жеткирип берет.
«Кыргызстандыктар үчүн онлайн сатып алуулар пайдалуу гана эмес, ыңгайлуу да болушу маанилүү. Жаңы формат буюртманы жеткирүү пунктунан түз эле эшигиңизге чейин бир нече сааттын ичинде, ашыкча күтүүсүз жана убарасыз алууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы директору Александр Воробьев.
Аталган кызмат жакынкы арада республиканын башка аймактарында да ишке кирери белгиленген.
Wildberries өзүнүн курьердик тармагын кеңейтүүгө жана логистикалык чечимдерди иштеп чыгууга ниеттенүүдө, бул аталган тиркеме иштеген бардык өлкөлөрдө кардарлар үчүн дагы да жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыз кылат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.