Кредит алуу үчүн күрөөнүн жетишсиздиги: Кепилдик фонду каражат алууга жардам бере алабы?

Өлкөдөгү көптөгөн ишкерлер үчүн күрөөнүн жетишсиздиги банктык каржылоо алууга эң негизги тоскоол болуп саналат. Бул көйгөйдү чечүүдө Кепилдик фондунун механихми банк жана өнөктөштөр алдында жардам бере алат.

Кредит алуу үчүн күрөөнүн жетишсиздиги: Кепилдик фонду каражат алууга жардам бере алабы?

«Кепилдик фонду» ААКсы ишкерлерге күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда кредиттик ресурстарга жетүүгө активдүү көмөк көрсөтөт.

Ишкердин банктан насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок болсо, «Кепилдик фонду» ААКсы насыя боюнча кошумча күрөө катары кызмат кыла турган кепилдик бере алат.

Механизм төмөнкүдөй иштейт: 

  • Ишкер насыя алуу үчүн өнөктөш-банкка кайрылат.
  • Эгерде алардын өздүк күрөөсү жетишсиз болсо, банк «Кепилдик фонду» ААКсынын кепилдигин тарта алат.
  • Кепилдик фонду долбоорго баа берип, ал жактырылса, банктын кредиттик тобокелдигинин бир бөлүгүн жабууга кепилдик берет. Эреже катары, бул сумма кредиттин суммасынын 50%на чейин түзөт.

Ошентип, кепилдик ишкерге күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болсо да каржылоону алууга мүмкүндүк берет, ал эми банк кошумча каржылык коргоого ээ болот.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кепилдик фонду насыя бербейт, бирок ишкерлерге насыя алуучунун милдеттенмелери боюнча кепил болуп, банктардан аны алууга жардам берет.

Эске салсак, Banks.kg порталы менен Кепилдик фонду ишкерликти колдоо тууралуу маалыматтарды мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу максатында меморандумга кол коюшкан. Документ тараптардын бизнести колдоо механизмдери жана экономикадагы кепилдик инструменттеринин ролу жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. 

#GMW2026KG 

#GMW2026 

#GlobalMoneyWeek2026 

#SmartMoneyTalks

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.