Бүгүн, 27-февралда Banks.kg порталынын Башкы директору Василий Безручкин жана Кепилдик фонду башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшуп, өлкөнүн каржы секторундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүндө жаңы барак ачышты. Документ тараптардын бизнести колдоо механизмдери жана экономикадагы кепилдик инструменттеринин ролу жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууда күч-аракеттерди бириктирүү ниетин бекитти.

Бул окуя көп жылдык кызматташуунун уландысы жана сапаттуу маалымат берүүгө болгон умтулуу болду.
«Биздин өнөктөштүк маалымат алмашууну өнүктүрүүгө, Кепилдик фондунун иш-чараларын жана демилгелерин өз убагында чагылдырууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган: маектерди, эксперттик жана аналитикалык материалдарды жазуу, ошондой эле өнөктөш иш-чараларга маалыматтык колдоо көрсөтүү», - деп белгиледи Banks.kg редакциясынын жетекчиси Василий Безручкин.
Өз кезегинде Кепилдик фондунун жетекчиси Малик-Айдар Абакиров Фонд акыркы жылдары кепилдик механизми аркылуу кичи жана орто бизнеске кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жөндөмдүү негизги институттардын бири болуп калганын белгиледи.
«Өлкөдө ишкердик жигердүүлүктүн өсүшү негизинен ушундай инструменттерге көз каранды, демек, коом алардын кандай иштеп жатканын жана алар кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачарын түшүнүүсү маанилүү», - деп кошумчалады ал.
Banks.kg стратегиясы: ар бириңиздер үчүн түшүнүктүү маалымат
Banks.kg үчүн меморандумга кол коюу - долбоордун стратегиялык өнүгүүсүндөгү кадамды билдирет.
«Биз порталдын салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде каржы рыногундагы жаңылыктарды, талдоолорду жана эксперттик корутундуларды берүүчү абройлуу аянтчага айланганына сыймыктанабыз. Banks.kg жигердүү өнүгүүдө: анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө, өнөктөштөрдүн саны өсүүдө, аудитория менен баарлашуунун жаңы форматтары киргизилүүдө», - деп белгиледи Banks.kg долбоорунун жетекчиси Василий Безручкин.
Ал долбоордун миссияларынын бири татаал финансылык процесстерди порталдын колдонуучуларына жөнөкөй жана жалпак тил менен түшүндүрүү экенин баса белгиледи. Кепилдик фонду сыяктуу уюмдар менен өнөктөштүк, теманы чагылдырууда тереңдикти казуу жана сапаттуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.
«Меморандумга кол коюу – бул коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча долбоордун аң-сезимдүү кадамы. 2026-жылы Banks.kg өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтип, Кыргызстандын каржы уюмдары менен жарандарынын ортосундагы ишенимдүү маалыматтык көпүрө катары өзүнүн ролун күчөтүүнү улантат», - деп белгиледи Banks.kg порталынын редактору Ольга Башкирова.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонду - 2016-жылы чакан жана орто бизнести колдоо максатында түзүлгөн мамлекеттик өнүктүрүү институту болуп саналат. Фонд күрөөсү жетишсиз болгон учурда банктарга ишкерлерге насыя алууга кепилдик берет. Бул механизм ФКМ үчүн тобокелдиктерди азайтат жана бизнестин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. Фонддун ишмердүүлүгү ишкердик активдүүлүктүн өсүшүнө, жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Banks.kg – Кыргызстандагы алдыңкы адистештирилген маалымат порталы жана банктык маркетплейс. Бул жерден каржы тармагы тууралуу кабарларды, талдоолорду, маектерди жана түшүндүрмө материалдарды табууга болот. Биздин платформада колдонуучулар кредиттердин,депозиттердин жана карталардын шарттарын салыштыра алышат, ошондой эле финансылык чечимдерди кабыл алуу үчүн банктык өндүрүмдөргө онлайн-арыздарды бере алышат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.