Кыргызстандагы орточо айлык маяна 42,6 миң сомдон ашты

2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү.

Кыргызстандагы орточо айлык маяна 42,6 миң сомдон ашты
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эмгек акынын көлөмү 19,6 пайызга өскөн.

Эң көп айлык акынын жогорулашы төмөнкү тармактарда катталган: 

  • кыймылсыз мүлк; 
  • курулуш; 
  • саламаттык сактоо; 
  • маалымат жана байланыш; 
  • социалдык тейлөө; 
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлү; 
  • мейманканалар жана ресторандар; 
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу; 
  • мамлекеттик башкаруу жана коргонуу; 
  • мамлекеттик сатып алуулар жана тоо-кен казып алуу тармагы.

Эске салсак, буга чейин Улуттук статистикалык комитет 2025-жылдын январь-июль айларында орточо номиналдык эмгек акынын көлөмү 42 522 сомду түзгөнүн маалымдаган, бул калктын кирешесинин өсүшүнүн туруктуу оң динамикасын чагылдырат.