BAKAI Business төлөмдүн багыты көрсөтүлгөн QR жаңы функциясын ишке киргизди

Bakai Business тиркемесинин жаңы функциясы ар бир кардар үчүн уникалдуу QR-коддорду түзүүгө шарт түзөт. Ага компаниянын реквизиттерин, сумманы жана комментарий, мисалы, атын, келишимдин же эсептин номерин киргизсе болот.

BAKAI Business төлөмдүн багыты көрсөтүлгөн QR жаңы функциясын ишке киргизди

Бул кандай иштейт:  

Сиз Bakai Business тиркемесинде QR-кодду түзөсүз, ал эми система ага керектүү маалыматтардын баарын автоматтык түрдө киргизет. Кардар өзүндөгү банк тиркемеси менен кодду сканерлейт, төлөм автоматтык түрдө даяр болот, төлөмдү тастыктоо гана калат.

Бул кимге жана эмнеге керек:

  • Мектептерге жана окуу борборлоруна - окуучунун аты же келишимдин номери көрсөтүлгөн QR.
  • Курулуш компаниялар үчүн - үлүш ээсинин же жер тилкенин номери көрсөтүлгөн QR.
  • Соода жана сервистик компаниялар үчүн - эсеп же келишимдин номери көрсөтүлгөн QR.

Артыкчылыктары:

  • ар бир төлөм керектүү багыты менен отчетто дароо көрсөтүлөт; 
  • реквизиттерди киргизүүдө ката кетирүүгө жол берилбейт;
  • төлөмдөрдүн келип түшүшү жана иштелип чыгышы тездейт; 
  • кардарларга дагы, бухгалтерлерге дагы ыңгайлуу.

Эми эсеп боюнча көрсөтүлгөн жерден ким жана эмне үчүн төлөгөндүгү дароо көрүнөт. Бул бухгалтердик эсепти мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп, процесстерди автоматташтырат. 

Багыты көрсөтүлгөн QR функциясы - бул корпоративдик сервистерди санариптештирүүгө карай жасалган дагы бир кадам. Биз бизнес үчүн төлөмдөрдү жөнөкөй, түшүнүктүү жана ачык кылабыз.

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.