Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлап, аны менен төлөм жүргүзгөн бардык карта ээлери активдүүлүгүнө жараша такси сапарларынан 15% чейин арзандатуу ала алышат.
- Алгачкы 5 сапарга 15% арзандатуу. Бул буга чейин Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлабаган жана сапарлар үчүн накталай акча, QR-код же башка банктардын карталары аркылуу төлөп келген колдонуучулар үчүн.
- Мурда BAKAI картасын Яндекс Go’до колдонуп, бирок акыркы 6 ай ичинде аны менен жол акысына төлөм жүргүзбөгөн колдонуучулар үчүн алгачкы 3 сапарга 5% жеңилдик берилет.
Мындан тышкары, BAKAI картасынын бардык ээлери ар бир сапар үчүн кошумча 3% кешбэк алышат.
Жеңилдик Бишкек, Ош, Манас жана Каракол шаарларындагы «Комфорт» тарифи боюнча колдонулат.
Эгер сизде азырынча BAKAI картасы жок болсо, анда жеткирүү кызматы менен Visa, Mastercard жана Элкарт+ карталарын тиркеме аркылуу буюртма кылсаңыз болот.
Акцияга кантип катышууга болот:
- Яндекс Go мобилдик тиркемесине катталыңыз.
- BAKAI картасын байлап, аны негизги төлөм каражаты катары тандаңыз.
- Сапарлар үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу BAKAI картасы менен жүргүзүңүз.
«Бул акция BAKAI кардарларына күнүмдүк сапарларынан үнөмдөөгө жана ошол эле учурда коопсуз санариптик төлөмдөрдүн артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Бул – кардарлар үчүн ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүүгө багытталган стратегиябыздын бир бөлүгү»,– деп белгилешти банк өкүлчүлүгү.
Акциянын мөөнөтү 2026-жылдын 6-июлунан 6-октябрына чейин - арзандатуулар акциянын толук мөөнөтүндө жана акция аяктагандан кийин дагы 1 ай бою күчүндө болот.Уюштуруучулар акциянын талаптарынын туура аткарылышын көзөмөлдөөгө жана эреже бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө укуктуу.
*Арзандатуунун максималдуу өлчөмү чектелген: 15% арзандатуу колдонулганда бир сапар үчүн 50 сомдон, ал эми 5% арзандатуу колдонулганда, бир сапар үчүн 17 сомдон ашпайт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.