BAKAI × Яндекс Go × Visa: алгачкы жеңүүчүлөр аныкталды - жакында башкы байге Zeekr 007!

BAKAI Яндекс Go жана Visa менен биргеликте өткөрүлүп жаткан ири акциянын аралык жыйынтыктарын жарыялады.

BAKAI × Яндекс Go × Visa: алгачкы жеңүүчүлөр аныкталды - жакында башкы байге Zeekr 007!

Бишкекте «Тамак-аш» (Еда) бөлүмүндө BAKAI Visa картасы менен активдүү буйрутма берген кардарлардын арасынан алгачкы жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектерге ээ болушту. Акция уланууда, ал эми алдыда - башкы технологиялык байге, Zeekr 007 электромобили.

Алгачкы жеңүүчүлөр сыйлыктарын алышты

Бишкек шаарындагы аралык этаптын жыйынтыгы боюнча:

  • 2 катышуучу Яндекс Станция Мини акылдуу колонкасын утуп алды;
  • 2 жеңүүчү Яндекс Go сервисинин «Тамак-аш» бөлүмүндөгү буйрутмалар үчүн 5000 сомдук промокод алды;
  • 3 катышуучу акысыз жеткирүүгө промокод утуп алды.

Жакын арада ушундай эле сыйлыктарды тапшыруу Ош шаарында да өтөт - акция өлкө боюнча кызуу жүрүп жатат.

Башкы байге - Zeekr 007 - алдыда

Акциянын кульминациясы али алдыда: акция учурунда BAKAI Visa картасы менен төлөнгөн 30 миңинчи ийгиликтүү буйрутманы ким берсе, ошол катышуучу Zeekr 007 электромобилине ээ болот.

Ар бир буйрутма - жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү

BAKAI күнүмдүк тамак-ашка буйрутма берүүнү жөн гана ыңгайлуу эмес, чын эле кызыктуу кылат. Акцияга катышуу оңой: Яндекс Go сервисинин «Тамак-аш» бөлүмүндө буйрутмаларыңызды BAKAI Visa картасы менен төлөңүз - ар бир төлөм сизди ири байгелерге жакындатат.

Акция уланууда. Катышыңыз - балким, жаңы электромобилдин ээси Сиз болуп калышыңыз мүмкүн.

Акциянын алкагында дагы бир жагымдуу бонус каралган: Яндекс Go сервисиндеги Таксиге 30%га чейин арзандатуу. Акциянын толук шарттары менен бул жерден тааныша аласыз. 

Акция 2025-жылдын 25-ноябрынан 2026-жылдын 12-мартына чейин өтөт.

Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.