Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Балага сүйүнчү» төлөмүн каржылоого 271 млн сомдон ашык каражат багытталды

2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү 67 468 балага дайындалды.

«Балага сүйүнчү» төлөмүн каржылоого 271 млн сомдон ашык каражат  багытталды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган төлөмдү каржылоого 271,034 млн сом багытталды.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 967 балага «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалган. Ошентип, бир жыл ичинде алуучулардын саны 1501 балага көбөйдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй:

  • 4 000 сом — бир бала төрөлгөндө;
  • 50 000 сом — үч же андан көп бала бир убакта төрөлгөндө, ар бир балага.

Төлөмдү кантип алуу керек:

  • Калкты тейлөө борборуна же Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө кайрылуу;
  • Бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен арыз берүү.

Каражат арыз берилгенден кийин эки жумушчу күндүн ичинде банк эсебине чегерилет. Же болбосо, каражатты суроо-талап берилгенден кийин алты айдын ичинде «Элдик Банк»  менен «АБанктын» бөлүмдөрүнүн кассаларынан накталай түрдө алууга болот.

Маанилүү: Арыз тапшырууда уюлдук телефон номерин туура көрсөтүү зарыл, каражат которулгандан кийин банк СМС-билдирүү жөнөтөт.

«Балага сүйүнчү» программасы жаңы төрөлгөн баласы бар үй-бүлөлөрдү колдоо жана баланын өмүрүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып эле расмий документтерди тариздөөгө үндөө аркылуу өзүнүн социалдык милдетин аткарууну улантууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.