Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.67 / 95.66
Курс RUB 0.946 / 0.974
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.67 / 95.66
RUB RUB
0.946 / 0.974
KZT KZT
0.137 / 0.206

Visaнын Кыргызстан жана дагы 16 өлкөнү камтыган аймактык бөлүмүн Кристина Дорош жетектейт

Санариптик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк лидер Visa Украинанын, Грузиянын, КМШ жана Түштүк Чыгыш Европанын рыноктору үчүн жаңы дайындоону жарыялады.
Visaнын Кыргызстан жана дагы 16 өлкөнү камтыган аймактык бөлүмүн Кристина Дорош жетектейт

2024-жылдын 4-марты - Visa компаниясы Кристина Дорошту улук вице-президент, Visaнын 17 өлкө боюнча аймактык жетекчиси кылып дайындады. Кристина Дорош Түштүк Чыгыш Европада, Кавказда, Украинада жана Молдовада күнүмдүк операциялык ишмердүүлүүккө жетекчилик кылуу менен, Visa компаниясынын стратегиясын аныктайт, ошондой эле компаниянын Борбордук Азиядагы жана Азербайжандагы бизнесин башкарууну да улантат.

Кристина Дорош алдыңкы финансы уюмдары менен иштешип, 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Ал Visa компаниясында 2016-жылдан тарта иштей баштаган, Visaнын негизги карта продуктылары (дебеттик, кредиттик жана премиум), лоялдуулук платформасын иштеп чыгуу, санариптик чечимдер жана push төлөмдөр үчүн жооптуу аймактык продуктулар бөлүмүн жетектеген. Ошондой эле Кристинада Борбордук Азияда жана Кавказда башкаруу боюнча кеңири тажрыйба бар.

«Биз Кристинаны Украина, Грузия, КМШ жана Түштүк Чыгыш Европа аймагынын жаңы жетекчиси катары жарыялап жатканыбызга кубанычтабыз. Финансы тармагында жыйырма жылдан ашык тажрыйбасы бар, анын ичинде Visaда тогуз жыл иштеген Кристина тажрыйбалуу лидер катары төлөмдөрдөгү жаңылыктарды мындан ары өркүндөтүүгө жардам берет. Азыркы эбегейсиз прогресс менен кеңири мүмкүнчүлүктөр доорунда, Кристина дымактуу жергиликтүү командалар менен иштешип, мамлекеттик жана жеке секторлор менен рынокторду жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү улантат», - деп билдирди Visaнын Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча аймактык президенти Эндрю Торре.

«Visaнын бизнес операциялары үчүн чоң жоопкерчиликти кабыл алуу менен, биздин кардарлар жана өнөктөштөр менен мындан дагы тыгыз жана кеңири иштешүүгө аракет кылам. Муну менен бул аймакка мындан да көбүрөөк инновациялык төлөм чечимдерин сунуш кылып, Visaнын инновациялык тармагы аркылуу акча каражаттарынын тез, коопсуз жана оңой айлануусун улантууну камсыз кылмакчыбыз», - деди улук вице-президент, Visaнын Украина, Грузия, КМШ өлкөлөрү жана Түштүк Чыгыш Европа боюнча аймактык менеджери Кристина Дорош.