Курс USD 88.38 / 89.24
Курс EUR 94.76 / 95.74
Курс RUB 0.953 / 0.978
Курс KZT 0.138 / 0.207
USD USD
88.38 / 89.24
EUR EUR
94.76 / 95.74
RUB RUB
0.953 / 0.978
KZT KZT
0.138 / 0.207

«Түндүк» санариптик документтер жана мамлекеттик кызматтар эми MBANK тиркемесинде

MBANK менен Түндүктө санариптик документтерди жана мамлекеттик кызматтарды алуу оңой болуп калды. Учурда MBANK’та 50гө жакын мамлекеттик акысыз кызматтар бар.
«Түндүк» санариптик документтер жана мамлекеттик кызматтар эми MBANK тиркемесинде

Кыргызстандыктар MBANK тиркемеси аркылуу санариптик документтерди жана мамлекеттик кызматтарды: ID паспортун, айдоочунун күбөлүгүн, унаанын каттоо күбөлүгүн жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кызмат «Түндүк» мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргелешкен иштин аркасында мүмкүн болду. 

«Биз үчүн кардарларыбызга ыңгайлуу кызматтарды түзүү жана алардын убактысын үнөмдөө маанилүү, ошондуктан биз дайыма популярдуу жана актуалдуу кызматтарды киргизебиз. MBANK’та «Түндүк» кызматы аркылуу алынган санариптик документтер жана сертификаттар кагаздагы документтерге эквиваленттүү болуп таанылат.

Жакын жерде паспортуңуз жок болсо дагы, аны азыр MBANK тиркемесинен ар дайым таба аласыз. Документтерди санариптик форматта мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга көрсөтсө болот», - деп банктан билдирди.

Учурда MBANK’та 50гө жакын мамлекеттик акысыз кызматтар бар. Ошол эле учурда «Мамлекеттик кызматтар» сервиси толугу менен акысыз көрсөтүлөт.

Кызматты колдонуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

  • «Мамлекеттик кызматтар» сервисине өтүңүз;
  • «Түндүк» бөлүмүн тандаңыз.

Сиз биринчи жолу киргенде, авторизациядан өтүп, «Түндүк» (БИС*) үчүн сырсөздү киргизишиңиз керек. Экинчи жана кийинки кирүүлөр үчүн авторизация талап кылынбайт, кирүү кыска PIN-код же биометрика (манжа изи же FaceID) аркылуу ишке ашырылат.

  1. *Баштапкы авторизациялоо үчүн булуттук электрондук кол тамгасын алышыңыз керек, муну MBANK’та «Электрондук кол тамга» кызматы аркылуу жасоого болот.
  2. Андан кийин, сиз Telegram, электрондук почта же SMS аркылуу кодду алуу ыкмасын тандап, андан кийин жогорудагы ыкмалардын биринде алынган кодду киргизүү менен ырасташыңыз керек.
  3. MBANK (БИС*) PIN-кодун киргизиңиз.

*БИС - Бирдиктүү идентификация системасы

2902
2023-11-21T15:48:39+06:00